06:31
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

19 жашар Бурулайдын өлүмү. Өлкө башчыларынын ала качууга карата пикири

Президент Сооронбай Жээнбеков жана премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндөгү 19 жаштагы Бурулай Турдали кызынын өлүмүнө алып келген кайгылуу окуяга карата пикирин билдиришти.

Президент окуя тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алганын белгилеп, жаш кыздын бөөдө өлүмүнө жол бергендерди катуу жазалоону талап кылды.

«Алардын кызматтарынан четтетилип, кылмыш жоопкерчилигине тартылышын коомчулук күтүп жатат. Ички иштер кызматкерлеринин жоопкерчилигин жогорулатуу жана тартипти бекемдөө боюнча жумушту күчөтүү зарыл», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр кырдаал алгачкы күндөн баштап көзөмөлүндө экендигин маалымдады. Ал Бурулай Турдали кызынын өлүмүнө алып келген кайгылуу окуянын мындан ары кайталанбашы үчүн чечимдер кабыл алынып, буга жол берген ички иштер органдарынын кызматкерлерине жана жетекчилерге карата тийиштүү чаралар көрүлөрүн белгиледи.

«Эгерде адам укугун сактай албасак, анда кайсы өнүгүү тууралуу кеп кылууга мүмкүн? Күчтөп никеге туруу кылмышка түздөн-түз катыштыгы бар жактардын гана күнөөсү эмес, жалпы коомдун өнүгүүсү үчүн тоскоолдук келтирүүчү фундаменталдуу адам укугун бузуу болуп саналат», — деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Бурулайдын кайгылуу окуясы коомдун «салтка айланган» ала качуу көрүнүшүнө карата мамилесин түп-тамырынан карай өзгөртүүгө чакырык болуусу керек. Бул көрүнүштүн кыргыз элинин салтына жана маданиятына эч кандай тиешеси жок

Мухаммедкалый Абылгазиев

Эске салсак, 29 жаштагы Таластын тургуну кызды ала качып бара жаткан жеринен кармалып, Чүй облусуна караштуу Жайыл райондук ИИБнын милиция бөлүмүнө алынып келинген. Документтерди толтуруу маалында, кылмышка шектүү жаран кыз отурган бөлмөгө кирип, эшикти жаап алган. Милиция кызматкерлери эшикти сындырып киришкенде, канга чыланып жаткан кызды жана кылмышкерди көрүшкөн.

Эң көп окулган жаңылыктар