Бишкекте кумар оюндарын ойнотуучу жай табылды

10:09, 04 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкекте экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматы кумар оюндарын ойнотуучу клубду табышты. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Токтогул жана Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишинде «Фрунзе-плюс» соода борборунун жертөлөсүндө кумар оюндары ойнотулган жер аныкталды.  Аталган жайды тинтүү маалында акча каражаттары, лотереялык билеттер, орус лотосун өткөрүү үчүн оюн жабдыктары табылды. Клубда 20 кумарпоз ойноп жаткан.

Кыргызстанда 2012-жылдан тарта кумар оюндарына тыюу салынган.