Кыргызстандык мушкер Орусияда өткөн мелдеште алтын медалдын ээси болду

09:02, 04 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандык мушкер Азат Үсөналиев Орусияда өткөн мелдеште алтын медалдын ээси болду. Бул тууралуу спорттук иш чаранын уюштуруучулары билдиришти.

Маалыматка караганда, Санкт-Петербург шаарында «Губернатордун кубогу» аталыштагы эл аралык мелдеш өттү. Ага 15 өлкөнүн мушкерлери чакырылган. Медалдар 10 салмак катергориялары боюнча ойнотулду.

Азат Үсөналиев салмактагы аттаандашын жеңип биринчиликти багындырды. Мындан сырткары салмактагы Кыргызстандык мушкер Сирожиддин Абдуллаев коло медалдын ээси болду.