Бишкектеги айрым ооруканалардын имараттары оңдоо иштеринен өтөт

10:02, 01 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкектеги балдар клиникалык ооруканасына капиталдык ремонт жасалат. Бул тууралуу мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, балдар ооруканасынын чатыры оңдоодон өтөт. Ошондой эле, Бишкек травматология жана ортопедия илимий борбору менен № 8 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун авариялык абалдагы инженердик коммуникациялары алмаштырылат. Буга 20 миллион сом коротулат.

Кошумчалай кетсек, ушул жылы жаңы № 17 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору курулат. Учурда объект боюнча долбоордук иштерге тендер жарыяланды.