Чүйдөгү жол кырсыгында 5 киши жабыркады. 4 кыз мас абалында болушкан

17:45, 31 мая 2018, Бишкек - 24.kg

Чүй районунда катталган жол кырсыгында 5 киши жабыркады. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, «Ауди 100» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдогу тосмону сүзгөн. Ар кандай жаракатка кабылышкан 4 кыз жана айдоочу ооруканага жеткирилди. Кырсыктагандардын баары Токмоктун тургундары.

Окуя 30-майда Токмок- Шамшы унаа жолунда болгон. Жабыркагандардын арасында баш мээси чайкалган, кабыргасы, бел омурткасы жана жамбаш сөөгү сынгандары бар.

Алдын ала алынган маалыматка таянсак, жабыркаган кыздар мас абалында болушкан.