16:47
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

«Фламинго» эс алуу жайы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына кучагын ачты

Бишкектеги «Фламинго» эс алуу жайында Балдарды коргоо күнүнө карата иш чара уюштурулду. Ага 856 бала катышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, майрамдык иш чарага томолой жетим балдар, мүмкүнчүлүгү чектелгендер жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары чакырылган.

Иш чаранын жүрүшүндө балдар үчүн оюн-зоок программалар тартууланды. Аттракциондор акысыз иштеп, мастер-класстар өткөрүлдү.

Ошондой эле, балдардын катышуусунда спорттук иш чара уюштурулду. Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө баалуу белектер, таттуулар жана балмуздактар таратылды.

Эске салсак, майрамдык иш чара Ленин райондук акимиаты тарабынан уюштурулду.

Эң көп окулган жаңылыктар