70 миң сомдук товарды уурдагандар колго түштү

12:00, 31 мая 2018, Бишкек - 24.kg

Шаардагы базарлардын биринен 70 миң сомдук товарын уурдатып жиберген аял арызы менен Свердлов райондук ИИБга кайрылды. Ал ууруларга карата чара көрүлүшүн суранууда. Бул тууралуу Бишкек ШИИБнын басма соз кызматы билдирди.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, окуяга тийиштиги бар делген 2 жаран кармалды. Алар 1977-жылы туулган Б.К. жана К.к.Ж. аттуу тургундар болуп чыкты.

Кармалгандар буга чейин да жашыруун уурулук менен алектенип жүргөндөрү аныкталды.

Тергөө амалдары жүрүп жатат.