11:02, 31 мая 2018, Бишкек - 24.kg
Ысык-Көл облусундагы Чар-Кудук аймагынан жергиликтүү тургундун үйүнөн курал-жарактар табылды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ чек арачылар менен Түп РИИБнын кызматкерлери 1986-жылы туулган О.К. аттуу жаранды кармашты. Анын үйүнөн «Сайга» мылтыгы, түнкү кароолго алуучу мылтык, 2 даана сайсыз мылтык, ар түрдүү калибрдеги куралдар, кыска стволдуу мылтыктардын магазини табылды.
Белгилүү болгондой, аталган курал-жарактарга тиешелүү документтер жок болуп чыкты.
Учурда иликтөө жүрүп жатат.