Кыргызстанда 18 жашка чейинки балдардын саны 2 миллион 312 миңге жетет

09:02, 31 мая 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда 18 жашка чейинки балдардын саны 2 миллион 312 миңге жетет. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти. Маалым болгондой, алардын 51 пайызын эркектер түзөт.

Билдирүүгө таянсак, 7 жашка чейинки балдардын саны 1 миллион 75 миң (46 пайыз), 7-14 жаш арасындагылардын саны 946 миң (41 пайыз), ал эми 15-17 жаштагы өспүрүмдөрдүн саны 291 миңге жетет.

Улуттук статистикалык комитеттен маалымдашкандай, балдардын 69 пайызы айылдарда жашайт.