Кочкор районунда болгон жыл кырсыгы 3 кишинин өмүрүн алды

08:53, 31 мая 2018, Бишкек - 24.kg

Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда болгон жыл кырсыгы 3 кишинин өмүрүн алды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ауди 100 жана Хонда Фит үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Окуя болгон жерде 3 киши (2 эркек, 1 аял) каза болуп, 6 адам оор жаракат алды. Учурда алардын аты-жөнү такталууда.

Кырсык Нарын-Торугарт унаа жолунун 250-чакырымында катталды. Жаракат алгандар облустук ооруканага, каза болгон жарандар Кочкор райондук ооруканасынын өлүк сактоочу жайына жеткирилген.