22:38
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Бүгүн Жалал-Абадда Балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленет

Бүгүн Жалал-Абадда Балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленет.  Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн балдарга арналган оюн-зоок программалары тартууланат.

Ал эми 1-июнь күнү Барпы драмалык театрынын алдындагы аянтта масштабдуу иш-чаралар өткөрүлөт. Шаардагы 1000 балага балмуздактар жана таттуулар таратылып, аларга арналган кеңири программадагы концерт уюштурулат.

Иш чаранын жүрүшүндө «Кыргызстан — менин Мекеним», «Ар дайым болсун күн», «Планета балдардын көз карашы менен» деген темаларда асфальтка сүрөт тартуу сынагы уюштурулат.

Эскерте кетсек, 25-май — 25-июнь аралыгында шаарда «Биздин балдар — өлкөнүн келечеги» аттуу бир айлык акция жүрөт.

Эң көп окулган жаңылыктар