17:16, 30 мая 2018, Бишкек - 24.kg
Депутат Айсулуу Мамашова Саламаттык сактоо министрлигинен Эл аралык каржы институттарынын гранттык келишими боюнча алына турган 25 миллион доллар донордук каражатты эмнеге корото тургандыгын сурап кызыкты.
Анын айтымында, мындай гранттарды же насыяларды менчиктештирип алуу салтка айланып бараткан сыяктуу. Ошондон кийин гана Башкы прокуратура каражатты туура эмес пайдаланган боюнча кылмыш ишин козгоп, камакка алууда.
Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев грант боюнча келе турган акчаны эч кимдин чөнтөгүнө түшпөй тургандыгын айтты. «Биз ал каражатка жаңы жабдыктарды сатып алабыз. Эгерде бекитилген план боюнча сатып алууларды жүргүзбөсөк, анда грант берген тарап мындан кийин жардам бербейт», -деди Космосбек Чолпонбаев.