15:58
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

2 жашар бала сабалды. Ага 13 жаштагы өспүрүм айыпталууда

Балыкчыда сабалып ооруканага түшкөн 2 жаштагы баланын апасы учурда уулунун жанында. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине аталган шаардын социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды колдоо бөлүмүнүн башчысы Турдубек Өмүргазиев билдирди.

«Учурда баланын абалы канааттандыраарлык. Ал өз алдынча тамак жеп, сүйлөп атат. Жанында апасы менен социалдык кызматкер көзөмөлдөөдө», -деди ал.

Эске салсак, буга чейин Ысык-Көл ОИИБсы наристени 33 жаштагы эжеси сабагандыгын билдирген.

«Баланын апасынын эжесине болгон доосу жок. Ал тескерисинче 33 жаштагы аялды коргоп жатат. Кат түрүндөгү түшүнүк катта наристе эжеси тарабынан эмес, анын улуу баласы тарабынан сабалгандыгы жазылган. Ур-токмокко алган бала13 гана жашта. Аны жоопкерчиликке тарта алышпайт», -деди Турдубек Өмүргазиев.

Эң көп окулган жаңылыктар