21:45
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Өлкөдө уюшкан кылмыштуу топтордун саны 5ке жетет. Анын 10 000ге жакын мүчөсү бар

Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтордун саны 5ке жетет. Анын 10 000ге жакын мүчөлөрү каттоого алынган. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов депутат Дастан Бекешевдин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Эске салсак, депутат Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтордун саны канча экенин сурап кызыкты.

Башкы прокурордун айтымында, 2017-жылы каттоодо тургандардын ичинен 242 кылмышкер кармалган. Алардын үчөө криминалдык авторитет.

Дастан Бекешев Камчы Көлбаевди кылмыштуу топтун мүчөсүбү же жокпу деген суроо салды. Башкы прокурор буга «ооба» деген жоопту берди.

«Анда эмнеге Камчы Көлбаев эркиндикте жүрөт? Бул туура эмес да», -деп нааразы болду Дастан Бекешев. Өткүрбек Жамшитов буга эч нерсе деп жооп бере албады.

Анын айтымында, кылмыштуулукка каршы күрөш уланууда, кармоолор жана соттук иштер жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума