02:40
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Бишкекте 9 миңден ашуун бала социалдык коргоо органдарынын каттоосунда турат

Турмуштун оор сыноолоруна кабылган үй-бүлөлөрдүн 9 миңден ашуун балдары социалдык коргоо органдарынын каттоосунда турушат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын социалдык система боюнча отчетунда айтылды.

Маалым болгондой, былтыр баш калаада социалдык өнүгүү органдары тарабынан 104 бала асырап алууга берилген. 215 бала реабилитациялык борборлорго жайгаштырылып, 202 бала туулгандыгы тууралуу күбөлүк ала алышты.

Билдирүүгө ылайык, 233 бала кароосуз калган балдар үйүндө жана социалдык жатаканаларда жашап жатат. Алардын баары республикалык бюджеттин эсебинен мамлекеттик жөлөк пул менен камсыздалды.

Жергиликтүү бюджеттин эсебинен аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн эки жашка чейинки 111 балдары акысыз сүт азыктарын алышат.

Эң көп окулган жаңылыктар