Ошто бөбөктөр жөрмөлөп жарышат

08:57, 30 мая 2018, Бишкек - 24.kg

Ош шаарында 1-июнь Балдарды коргоо күнүнө карата «Алгачкы ийгилигим» аттуу жөрмөлөгөн бөбөктөрдүн чемпионаты өтөт. Бул тууралуу каала мэриясы билдирет.

Бөбөктөрдүн мелдеши биринчи жолу уюштурулуп, ага бир жашка чейинки бөбөктөр катыша алышат.

«Жарышка катышуу үчүн баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жетиштүү. Мелдеш «Манас-Ата» аймактык кеңешиндеги Исхак Раззаков атындагы эс алуу багында өткөрүлөт» — дейт мэрия.