2017-жылы жемкорлук багытындагы 704 кылмыш иши козголгон

16:54, 29 мая 2018, Бишкек - 24.kg

2017-жылы жемкорлук багытындагы 704 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана ЖК регламенти боюнча парламенттик комитеттин отурумунда башкы прокурор Өткүрбек Жамишитов билдирди.

Айтымында, былтыр 9 миң 714 текшерүү жүргүзүлүп, 14 миңден ашуун акты түзүлгөн.
«9 миң 670 киши административдик жана дисциплинардык жоопкерчиликке тартылган», — деди ал.

Башкы прокурордун маалыматына ылайык, былтыр билим берүү системасындагы 6 объектти, саламаттык сактоо системасына тиешелүү 3 жер аянтын мамлекеттин менчигине өткөрүштү.