Балыкчыда 2 жаштагы наристе сабалды

16:12, 29 мая 2018, Бишкек - 24.kg

Балыкчыда 33 жаштагы аял 2 жаштагы наристени сабап салды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Ысык-Көл ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, сабалган наристенин апасы Каракол шаарына жумуш издеп кеткен. 2 жашар баланы күйөөсүнүн бир тууганы карап калган. Наристе шымына заара ушатып койгондугу үчүн сабалган.

«Учурда бала Балыкчыдагы реабилитациялык борборго алынып келинди. Соттук-медициналык экспертизалар дайындалды», -деп билдиришти ОИИБдан.

Окуя 27-майда катталган.