21:07
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Куралдуу күчтөрдүн 54 кызматкери жаңы батирлүү болушту

Президент Сооронбай Жээнбеков Куралдуу күчтөрдүн 54 кызматкерине жаңы батирдин ачкычтарын тапшырды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, мамлекет башчысы Куралдуу күчтөрдүн кызматкерлери үчүн салынган үйдүн салтанаттуу ачылыш аземине катышып, аскер кызматкерлерин Куралдуу Күчтөр күнү менен куттуктады.

«Азыркы убакта кыргыз армиясы бир кыйла ийгиликтерге жетти. Азыр учурдун талабына жооп бере турган армиябыз түптөлдү деп айтсак болот», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президенттин айтымында, жалпысынан алганда 2481 квартиралуу 77 турак жайлардын курулушу аяктады. Азыркы учурда 1250 квартиралуу 22 объекттин курулушу жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар