13:26, 29 мая 2018, Бишкек - 24.kg
Балдар бакчасына кирүү үчүн электрондук кезекке 4 миң 325 арыз киргизилди. Бул тууралуу маалымат жыйында Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева билдирди.
Анын айтымында, долбоорду ишке киргизгенден бери электрондук кезекке туруу үчүн, жалпы 2 миңге жакын баланын ата-энелери арыз беришкен. Орто эсеп менен күнүнө 100гө жакын арыз келип түшүүдө.
Адистердин пикиринде, электрондук кезекти киргизүү менен наристелерди бала бакчаларга берүүдө жемкорлуктун алдын алса болот. Аталган долбоор 2016-жылдын декабрында ишке киргизилген.
Ордо каалада 85 муниципалдык балдар бакчасы бар. Дагы 116 менчик бакча иш алып барат.