Жогорку соттун имаратынын алдында митинг өтүүдө

11:18, 29 мая 2018, Бишкек - 24.kg

Жогорку соттун имаратынын алдында мурунку депутат Садыр Жапаровдун тарапташтары митинг өткөрүшүүдө.

Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку сот 2013-жылы Каракол шаарындагы баш аламандык тууралуу иш боюнча көзөмөлдүк даттанууну карайт. Буга чейин Биринчи Май райондук жана Бишкек шаардык соттору Садыр Жапаровду күнөөлүү деп таап, аны 11 жыл 6 айга эркинен ажыратуу тууралуу өкүмүн чыгарышкан.

Учурда соттолуучунун тарапташтары Жогорку соттон анын эркиндикке чыгышын талап кылышууда. 100дөгөн киши Садыр Жапаровдун күнөөсүз экендигин билдиришти.