Ош шаарындагы борбордук базардан өрт чыкты

10:20, 29 мая 2018, Бишкек - 24.kg

Ош шаарында бүгүн эртең мененки саат 07:50дө борбордук базарда жайгашкан контейнерден өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тилсиз жоону өчүрүүгө 2 бөлүмдүн куткаруучулары тартылган.
Өрт саат 08:3де толугу менен өчүрүлдү.


Учурда өрттүн келип чыгуу себебин аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.