Камчыбек Ташиевдин иниси шаар мэрлигине ат салышат

09:25, 29 мая 2018, Бишкек - 24.kg

Камчыбек Ташиевдин иниси Шайырбек Ташиев Жалал-Абад шаарынын мэрлигине ат салышат. Бул тууралуу ал жергиликтүү ЖМКга билдирди.

Шайырбек Ташиев учурда Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты.

Фото

Эскерте кетсек, Салайдин Авазов 25-майда өз арызынын негизинде шаар мэрлигинен бошотулду.

Ага «Бишкек ЖЭБин модернизациялоо» долбоорун ишке ашырууда жемкорлук фактысы боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында айып тагылып УКМКда камоодо.