Суроо-жооп. Орозодо чылым чегүүгө болобу?

17:35, 28 мая 2018, Бишкек - 24.kg

«24.kg» агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.
Суроо: Тамеки чексем, орозомду бузуп албаймынбы?
Жооп: Атайлап түтүн менен дем алуу орозону бузат. Андыктан, ооз ачканга чейин тамеки тартууга болбойт.