17:25, 28 мая 2018, Бишкек - 24.kg
«Түндүк» темир жол бажы кызматынын мурдакы жетекчиси Нурбек Айбашевдин үйүндө тинтүү жүрдү. Бул тууралуу маалыматты Экономикалык кылмыш менен күрөшүү кызматынан ырасташты.
Нурбек Айбашевго «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен иш козголуп, камакка алынды.
Тергөөнүн билдирүүсүндө, ал Кытайдан келген товарларды мыйзамсыз каттоого алууга жол ачкан. Мамлекетке тийгизген зыяны 166 миллион сомду түзөт.
Анын үйүн тинтүү учурунда 25 алтын кол саат жана документтер алынды.