USD87.45EUR98.08RUB1.04
24.kg

«Түндүк» бажы кызматынын мурдакы жетекчисинин үйүнөн алтын сааттар алынды

17:25, 28 мая 2018, Бишкек - 24.kg

«Түндүк» темир жол бажы кызматынын мурдакы жетекчиси Нурбек Айбашевдин үйүндө тинтүү жүрдү. Бул тууралуу маалыматты Экономикалык кылмыш менен күрөшүү кызматынан ырасташты.

Нурбек Айбашевго «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен иш козголуп, камакка алынды.

Тергөөнүн билдирүүсүндө, ал Кытайдан келген товарларды мыйзамсыз каттоого алууга жол ачкан. Мамлекетке тийгизген зыяны 166 миллион сомду түзөт.

Анын үйүн тинтүү учурунда 25 алтын кол саат жана документтер алынды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18