00:50
USD 69.25
EUR 81.03
RUB 1.03

Адам өмүрүнө кол салганга шектүү делген 20 жаштагы тургун кармалды

Адам өмүрүнө кол салганга шектүү делген 20 жаштагы тургун кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, былтыр Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун тургуну өзүнүн жердешин бычак менен жарадар кылган. Жабырлануучу ооруканада каза болгон.

ИИМдин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери издөөдө жүргөн Н. уулу Э. аттуу тургунду кармашты. Алдын ала алынган маалыматка караганда, кылмыш иши уруштун айынан келип чыккан.

Кармалган жаранды Жумгал РИИБнын кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Эң көп окулган жаңылыктар