Олимпиадалык резерв мектебинин мугалимдеринин айлыктары 50 пайызга көбөйөт. Бул тууралуу бюджет жана каржы боюнча парламенттик комитеттин жыйынында белгилүү болду.
Депутаттардын билдиргенине караганда, өкмөт аталган мектептин мугалимдеринин айлык акыларын 2019-жылдан баштап көтөрүү тууралуу токтом кабыл алган.
Аталган мектептин директору Кадыр Эргешовдун айтымында, бүгүнкү күндө мугалимдер менен машыктыруучулардын орточо айлыгы 6 миң сомду түзөт.
Белгилей кетсек, бүгүн комитет Шералы Сыдыков атындагы мектепке барып жыйын өткөрдү. Спорт, дене-тарбия жана жаштар мамлекеттик агенттиги мектепти оңдоо иштерине 34 миллион сом сурап жатат. Депутаттар сентябрь айынын башына чейин китеп жана балдардын тамак-ашына каражат бөлүү маселесин чечмей болушту.