14:35
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Чет өлкөгө иш издөө үчүн кеткен Кыргызстандык жарандардын саны 800 миңге жакын

Чет өлкөгө иш издөө үчүн кеткен Кыргызстандык жарандардын саны 800 миңге жакын. Бул тууралуу маалымат жыйында Миграция кызматынын өкүлү Улан Шамшиев билдирди.

Анын айтымында, чет жерде жүргөн жарандардын басымдуу бөлүгү Орусияда иштешет.

«640 миңге жакын кыргызстандык Орусияда жүрүшөт. Кийинки орунда Казакстан турат. Ал жакта 35 миңдей жарандарыбыз бар. Түркияда 30 миңден ашуун жарандарыбыз жашап, иштешет», -деди Улан Шамшиев.

Эң көп окулган жаңылыктар