Сокулук районундагы көлмөгө чөгүп кеткен кишинин сөөгү табылды

10:20, 28 мая 2018, Бишкек - 24.kg

Чүй облусуна караштуу Сокулук районундагы көлмөгө 2006-жылы туулган Эсенов Алмаз аттуу тургун түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 26-майда түшүп чөгүп кеткен тургундун сөөгүн ӨКМнын куткуруучулары бир күндөн кийин табышты.