09:30, 28 мая 2018, Бишкек - 24.kg
Оренбург облусу боюнча ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматынын кызматкерлери, Орусиянын аймагына Казакстан менен Кыргызстандан келген 62 тоннадан ашуун товарды киргизишкен жок. Бул тууралуу орусиянын ЖМКсы билдирди.
Маалыматка ылайык, Светлинский районунун «Светлый» өткөрмө пунктунан 2 унааны токтотушкан. Анда унаалар жараксыз фитосанитардык сертификаты менен Казакстандан 40 тонна томат ташып келе жатышкан. Мындан тышкары дагы бир өткөрмө пунктунан 1 тонна томат жана бадыраң ташып келе жаткан жүк ташуучу унаа токтотулду.
Ал эми Акбулак районундагы «Сагарчин» өткөрмө пунктунан Кыргызстандан ташылып келе жаткан 17 миң кургатылган өрүк, кургатылган ит мурундун мөмөсү, кургатылган алма, 1 миң миндаль, абрикос данеги, жаңгак жана күрүч Орусияга киргизилген жок.
«Азыктарга тиешелүү фитосанитардык сертификаттар жок болуп чыкты. Товарлардын баары артка кайтарылды. Аталган факт боюнча административдик иш козголду», — деп жазылат билдирүүдө.