08:53, 28 мая 2018, Бишкек - 24.kg
Быйыл 11-мартта Бишкекте даярдалган бешбармак Гиннестин рекорддор китебине киргизилди. Бул тууралуу аталган уюмдун расмий сайты жазды.
Анда Бишкектеги бешбармактын салмагы болгону, «Аю Холдинг» жана LLC KazGrain ишканалары тарабынан рекорд коюлганы жазылган.
11-мартта Бишкектин «Аю Grand Comfort» соода жайында Гиннес рекорддор китеби үчүн 1 тонна бешбармак, чучук даярдалган. Тамак үчүн сегиз жылкы союлган, жалпы бир жарым тоннага жакын эт бышырылган. 150 литрге ылайыкталган 12 тай казан орнотулган.
Иш-чараны «Кыргыз тилектештиги» коомдук бирикмеси «Ак элечек», «Ак калпак» долбоорлорунун негиздөөчүлөрү жана «Аю Гранд Комфорт» фирмасы менен чогуу уюштурган.
2015-жылы Казакстандын Астана шаарында бешбармак даярдалып, Гиннестин рекорд китебине киргизилген.