Ала-Тоо аянты гүлдөрдөн турган жаңы композиция менен кооздолот

15:43, 25 мая 2018, Бишкек - 24.kg

«Тазалык» ишканасынын кызматкерлери Ала-Тоо аянтын гүлдөрдөн турган жаңы композиция менен кооздошот. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, көпөлөк түрүндөгү гүл композициясы жана төгүлүп турган клумбалар, Чүй менен Эркиндик бульварынын кесилишиндеги көркөм сүрөт галереясынын жанынан орун алат.

Ага сальвия, тагетис, агератум, алиссум, колеус жана седум гүлдөрү пайдаланылат.

Буга чейин борбордук аянтка саат түрүндөгү гүл композициясын отургузушкан.