№ 82 орто мектепте оңдоо жана калыбына келтирүү иштери аяктады

11:08, 25 мая 2018, Бишкек - 24.kg

«Ала-Тоо» жаңы конушундагы № 82 орто мектепте оңдоо жана калыбына келтирүү иштери аяктады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Эске салсак, аталган мектеп 2015-жылы Казакстандын каражатынын эсебинен салынган.

Бирок, 3 жылдан кийин мектеп оңдоо иштерине муктаж болду. Маалыматка караганда, биринчи кабаттагы № 2 блоктун полу чөгүп кеткен.

Оңдоо маалында полдун астында суу бар экени аныкталды. Учурда калыбына келтирилип, ведомство аралык комиссия иштин сапатын текшерүүгө алды.