19:52
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Ош шаарында «Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун мүчөсү кармалды

Ош шаарында милиция кызматкерлери тарабынан «Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин Криминалдык милиция кызматынын региондор аралык башкармалыгына, түштүк борбордун тургуну диний-экстремисттик уюмдун идеяларын активдүү түрдө жайылтып жатат деген маалымат келип түшкөн.

«Милиция 20 жаштагы А.А. аттуу тургунду кармашты. Ал ИИМде «Хизб ут-Тахрирдин» активдүү мүчөсү катары тизмеде турат. Анын үйүн тинтүү маалында, тыюу салынган уюмдун идеялары тууралуу жазылган 38 китеп, 6 диск жана 8 дептер табылды», -деп билдиришти ИИМден.

Аталган факт боюнча кылмыш изи козголду.

Эң көп окулган жаңылыктар