Бишкекте жолдорду оңдоо иштерине байланыштуу 23 көчө жабылды

10:13, 25 мая 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкекте жолдорду оңдоо жана калыбына келтирүү иштерине байланыштуу 23 көчө жабылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, төмөндө аты жазылган көчөлөр жабылды.

— Манас кең көчөсү — Жибек Жолу көчөсүнөн Чүй кең көчөсүнө чейин;

— Манас кең көчөсү — Семетей көчөсүнөн Масалиев көчөсүнө чейин;

— Чүй кең көчөсү — Жаш Гвардия бульварынан Павлов көчөсүнө чейин;

— Чүй кең көчөсү — 7-Апрель көчөсүнөн Төрөкул Айтматов көчөсүнө чейин (түштүк тарабы);

— Эркиндик кең көчөсү — Түгөлбай-Ата көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейин (батыш тарабы);

— 7-Апрель көчөсү — Анкара көчөсүнөн Чүй кең көчөсүнө чейин (батыш тарабы);

— Абдрахманов көчөсү — Иманалиев көчөсүнөн Чыңгыз Айтматов кең көчөсүнө чейин;

— Алыкулов көчөсү — Ахунбаев көчөсүнөн Гагарин көчөсүнө чейин;

— Баялинов көчөсү — Элебесов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;

— Достоевский көчөсү — Анкара көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейин;

— Жаманбаев көчөсү — Токтоналиев көчөсүнөн Чыңгыз Айтматов кең көчөсүнө чейин;

— Калык Акиев көчөсү — Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек Жолу кең көчөсүнө чейин;

— Каралаев көчөсү — Куттубаев көчөсүнөн Нуркамал көчөсүнө чейин;

— Москва көчөсү — Ибраимов көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейин;

— Орозбеков көчөсү — Саадаев көчөсүнөн Фере көчөсүнө чейин;

— Осмонкул көчөсү — Алматы көчөсүнөн Жибек Жолу кең көчөсүнө чейин;

— Салиев көчөсү — Лермонтов көчөсүнөн Калинин көчөсүнө чейин;

— Салтанат көчөсү — Кайназаров көчөсүнөн Патрис Лумумба көчөсүнө чейин;

— Термечиков көчөсү — Лев Толстой көчөсүнөн Гагарин көчөсүнө чейин;

— Тыныстанов көчөсү — Жумабек көчөсүнөн Чүй кең көчөсүнө чейин;

— Щербаков көчөсү — Махатма Ганди көчөсүнөн Манас көчөсүнө чейин;

— Лермонтов көчөсү — Ибраев көчөсүнөн Жибек Жолу кең көчөсүнө (газ түтүктөрү оңдолот) чейин;

— Фрунзе көчөсү — Осмонкул көчөсүнөн Сүйүмбаев көчөсүнө чейин (газ түтүктөрү оңдолот).