Балага эшикти жана жүрөгүңүздү ачыңыз! Ошто бир айлык акция башталды

09:09, 25 мая 2018, Бишкек - 24.kg

Ош шаарында «Балага эшикти жана жүрөгүңүздү ачыңыз!» аттуу бир айлык акция башталды. Бул тууралуу мэрия маалымдайт.

Акциянын жүрүшүндө мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын коомго аралашуусуна шарт түзүп берүү максаты көздөлөт.

Белгилей кетсек, Ош шаарында билим берүү башкармалыгына караштуу 11 миң 694 социалдык жактан коргоого муктаж үй-бүлөлөрдүн балдары орто мектептерде, үй-шартында, көмөкчү мектептерде, инкюзивдик багыттагы балдар бакчаларында билим алышууда.