20:58
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Оштогу таксисттин өлүмүнө 2 казак жараны дагы шектелүүдө

Оштогу таксисттин өлүмүнө Кара-Суу районунун тургуну менен бирге 2 казак жараны дагы шектелүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Эске салсак, 13-майда 30 жаштагы Ильхом Эрматов «Дэу Матиз» үлгүсүндөгү унааны үйүнөн айдап чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Ал жүргүнчүлөрдү ташып иштечү. Таксисттин өрттөлгөн денеси 22-майда талаадан табылган.

Алдын ала алынган маалыматтарга таянсак, Ош шаарында милиция кызматкерлери таксисттин өлүмүнө шектүү делген кыргызстандык жаранды кармашкан.
Ал күнөөсүн мойнуна алып, унааны айдап качууга аракет кылганын айткан.

ИИМдин 24-майда берген маалыматына караганда, иликтөө иштеринин жүрүшүндө таксисттин уюлдук телефону Жалал-Абад шаарындагы дүкөндөрдүн биринен табылган. Телефонду белгисиз адамдар дүкөндүн ээсине 2 миң сомго сатып жиберишкен.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө таксистке кол салганга Казакстандын 2 жаранынын тиешеси бар экени белгилүү болду.

Аталган факты боюнча тергөө иштери улантылып жатат

Эң көп окулган жаңылыктар