17:09, 24 мая 2018, Бишкек - 24.kg
Бишкек-Нарын-Торугарт жана Ош-Баткен-Исфана жолдорунун курулушуна кеткен чыгым 40 миллиондон ашуун долларды түздү. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, «Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 272-365 чакырымдарын кайра калыбына келтирүү» долбоорун ишке ашырууда кеткен чыгымдын суммасы келишимде көрсөтүлгөн баанын 87 пайызын түздү.
Учурда үнөмдөлгөн акчанын эсебинен Кочкор-Исакеев Чопон-Шахта, Кочкор-Коммунизм, Он-Арча-Эчки-Башы унаа жолдоруна асфальт төшөө иштери жүрүп жатат.
Ал эми Ош-Баткен-Исфана унаа жолун оңдоодо кеткен чыгымдын суммасы келишимде көрсөтүлгөн баанын 6,4 пайызын түздү.