Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунда уулу тарабынан өлөөрчө сабалган киши каза болду. Бул тууралуу аталган облустук ИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Эске салсак, 19-майда Корумду айылынын 1994-жылы туулган Н.А. аттуу тургуну, 1969-жылы туулган Т.М. аттуу атасын сабаган.
Натыйжада атасы Түп аймактык ооруканасына оор абалда келип түшкөн. Ага 3 сааттан ашуун оор операция жасалган эле.