16:32
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Бүгүн куудул Борончу Кудайбергенов 52 жашка толду

Бүгүн куудул Борончу Кудайбергенов 52 жашка толду. Бул тууралуу жергиликтүү сайттардын бири жазды.

Маалыматка караганда, куудул туулган күнүн шаан-шөкөткө айлантып белгилебей турганын билдирди.

«Туулган күнүмдү чоң шаан-шөкөткө айлантып белгилебейм. Дос-туугандарым куттуктап келерин айтышты. Кечинде коноктор менен тынч эле белгилейбиз», — дейт ал.

Борончу Кудайбергенов 1966-жылы 24-майда Жумгал районунда төрөлгөн. Ал 2006-жылы белгилүү куудул Рахман Разыковдун демилгеси менен уюштурулган «Уланып күлкү баяны, сахнада куудулдар жана аялы» деген фестивалда Гран-прини жеңип, Мерседес жеңил унаасын утуп алган.

2010-жылы Меккеге барып, зыярат кылып ажы болуп кайткан.

Эң көп окулган жаңылыктар