15:49, 24 мая 2018, Бишкек - 24.kg
Бүгүн куудул Борончу Кудайбергенов 52 жашка толду. Бул тууралуу жергиликтүү сайттардын бири жазды.
Маалыматка караганда, куудул туулган күнүн шаан-шөкөткө айлантып белгилебей турганын билдирди.
«Туулган күнүмдү чоң шаан-шөкөткө айлантып белгилебейм. Дос-туугандарым куттуктап келерин айтышты. Кечинде коноктор менен тынч эле белгилейбиз», — дейт ал.
Борончу Кудайбергенов 1966-жылы 24-майда Жумгал районунда төрөлгөн. Ал 2006-жылы белгилүү куудул Рахман Разыковдун демилгеси менен уюштурулган «Уланып күлкү баяны, сахнада куудулдар жана аялы» деген фестивалда Гран-прини жеңип, Мерседес жеңил унаасын утуп алган.
2010-жылы Меккеге барып, зыярат кылып ажы болуп кайткан.