Кызыл бет, кызыл мурун. Депутат Камчыбек Жолдошбаев дагы нараазы

12:17, 24 мая 2018, Бишкек - 24.kg

«Эфирден кебетебиз кандай көрүнүп жатканын көрдүңөр беле? Бетибиз кызыл, мурдубуз дагы кызыл. Сиздин кебетеңизди жакшы кылып көрсөтүшөт, ал эми биздикинчи?», — деп Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Камчыбек Жолдошбаев вице-спикер Мирлан Бакировго кайрылып, нааразы болду.

Камчыбек Жолдошбаев Коомдук биринчи каналдын эфиринин сапаты жакпай турганын айтты.

Эске салсак, буга чейин депутат анын кесиптештери маршруттук унааларда жүрөт деп уялганы бар.