ӨКМ өкмөткө вертолет сатып алуу үчүн комиссия түзүүнү сунуштады

11:44, 24 мая 2018, Бишкек - 24.kg

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өкмөткө вертолет сатып алуу үчүн комиссия түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу аталган ведомствонун статс-катчысы Азамат Мамбетов билдирди.

«Бизге оор шарттарда бийик уча турган вертолеттор керек. Жакынкы өлкөлөрдө тейлөө борборлору бар болгон 5 вертолетту карап чыктык. «Еврокоптер»- 5,6 миллион, «Ансат» — 5,8 миллион, Ка-226 — 7,2 миллион доллар турат», — деди Азамат Мамбетов.

Ал белгилегендей, каржы жагы азырынча чечиле элек, бирок насыяга алуу мүмкүнчүлүгү бар.

«Учурда ӨКМда болгону бир вертолет бар, анын да колдонуу мөөнөтүү бүттү. Оңдоого 4 миллион доллар керек», -деп кошумчалады статс-катчы.