11:24, 24 мая 2018, Бишкек - 24.kg
Акыркы 5 жыл аралыгында Орусияда эмгектенген Кыргызстандыктардын саны 5 эсеге өскөн. Мындай билдирүүну «360» телеканалы Орусиянын Ички иштер министрлигине шилтеме берип таратты.
Орусияда былтыр эмгектенген Кыргызстандыктардын саны 376 миңден ашкан. 2012-жылы бул көрсөткүч 79 миңди түзгөн. Бул Армениянын жарандарынан эки эсе ашык.
Эске салсак, Кыргызстан расмий түрдө 2015-жылы августта Евразия экономикалык бирикмесине кирген.