11:37
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кара-Кулжадагы катуу шамалда дарактын шагы 5 жаштагы кызды басып калды

Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунда болгон катуу шамалдын кесепетинен, дарактын шагы сынып, 5 жаштагы кызды басып калган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, А. Кызы Ы. учурда ооруканада жатат. Анын абалы канааттандыраарлык. Эске салсак, аталган аймакта шамалдын кесепетинен 15 турак үйдүн чатырлары сынган. Окуя болгон жерде Жарандык коргоо комиссиясы иш алып алып барууда.

Эң көп окулган жаңылыктар