Боом капчыгайында катуу жааган жаандан улам таштар кулады

08:49, 24 мая 2018, Бишкек - 24.kg

Чүй облусундагы Боом капчыгайында катуу жааган жаандан улам таштар кулады. Бул тууралуу аталган облустун Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 119-чакырымында болду. Анда нөшөрлөп жааган жаан жана катуу шамалдан улам жолго таштар кулады. Жол жабылган жок. Ошондой эле жабыркагандар катталбады.