17:28, 23 мая 2018, Бишкек - 24.kg
Жалал-Абадда 25-май, акыркы коңгуроодо окуучуларды унаасы менен сейилдетүүгө алып чыккандарга карата чара көрүлөт. Бул тууралуу аталган облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Алардын мектеп окуучуларын унааларга салып сейилдөөгө алып чыккандыгы, кандайдыр бир иш чараларга катышкандыгы аныкталса, катуу чаралар көрүлө тургандыгы эскертилди. Мындан улам эскертмеге ар бир айдоочу кол коюуга милдеттендирилди.