Адам уурдоого шектилген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

16:26, 23 мая 2018, Бишкек - 24.kg

Ош шаарында адам уурдоого жана тоноого шектелген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

21-майда түштүк борбордун ИИБ нөөмөт бөлүмүнө Ю.М. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал 20-май күнү болжол менен саат 21:30да, шаардагы базарлардын биринен 2 белгисиз жаранга тийишип, зордоп унаасына салып алып кетишкенин айткан.

«Кылмышка шектүүлөр бир канча саат бою жабырлануучуну сабап, шылдыңдашкан. Андан кийин көчөгө таштап, унаасын айдап качып кетишкен. Окуяга шектүү 2 жаран кармалды. Алардын бири 33 жаштагы Р.Н, шериги А.М. аттуу тургундар болуп чыкты. Экөө тең уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турат. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголду», -деп билдиришти ИИМден.