Шашылыш билдирүү. Бишкекте катуу шамал болушу күтүлөт

13:47, 23 мая 2018, Бишкек - 24.kg

Жакынкы 3 саат аралыгында Бишкекте жана Чүй облусунун аймактарында катуу шамал болушу күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирет.

Шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.